Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 17-марты ПЖ N 128
Кыргыз Республикасында жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана 2006-жылы абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнү өз убагында өткөрүү жана анын жыйынтыгы боюнча республиканын жогорку окуу жайларында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарын бөлүштүрүү максатында токтом кылам:
1. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын 1-майына чейин абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү жана республиканын жогорку окуу жайларында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарын бөлүштүрүү тартибин жөнгө салган жобону иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 30-мартындагы N 114 "Мамлекеттик билим берүү гранттарын ыйгаруу, абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнү жүргүзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына конкурстук киргизүү жол-жоболорун өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнл кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |