Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2015-жылдын 16-июнундагы ПУ N 121 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 5-апрели ПЖ № 161
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
"Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР"
телерадиоберүү компаниясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Жарлыгына
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Республиканын аймагында Кыргыз Республикасынын "Коомдук те-
лекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясынын ишинин натыйжалуулугун
камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телеради-
оберүү компаниясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 10-декабрындагы № 632 Жарлыгы менен бекитилген "Коомдук те-
лекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө Жобого төмөнкүдөй
толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Компания улуттук жана чет өлкөлүк мыйзамдардын талаптарына ылайык
Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө өзүнүн
өкүлчүлүктөрүн жана кабарчы пункттарын ачууга укуктуу.";
- 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менеп толукталсын:
"- белгиленген тартипте компаниянын өкүлчүлүкөтөрүн жана кабарчы
пункттарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечет, алар
жөнүндө жоболорду бекитет;";
- 25-пункттун экинчи-онунчу абзацтары тиешлүү түрдө үчүнчү-он би-
ринчи абзацтар деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев