Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                            КР Президентинин

               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

                         ылайык күчүн жоготту

 

2006-жылдын 6-апрели, ПЖ № 163

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

         Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги

        алааматтын кесепетинен жапа чеккен адамдарды социалдык

                   жактан колдоонун кошумча чаралары

                                жөнүндө

                                  

   Чернобыль  жана  башка радиациялык алааматтардын жана  кыйроолордун

кесепетинен  жапа чеккен адамдарды социалдык жактан колдоо  максатында

токтом кылам:

   1.  2006-жылда бир жолку акчалан жолокпул белгиленсин:  4500  (төрт

мињ беш жуз) сом өлчөмүндө:

   -  Чернобыль  АЭСиндеги жана башка жарандык же  аскердик  багыттагы

ядролук  объекттерде  болгон  радиациялык  кыйроолордун  айынан   жана

алардын  кесепетинен,  ошондой эле ядролук жабдуулардын,  анын  ичинде

ядролук  куралдын  ар  кандай түрлөрү менен  байланышкан  сыноолордун,

машыгуулардын  жана башка иштердин кесепетинен нур оорусуна  чалдыккан

жана ооруган же майып болуп калган адамдарга;

   -   Чернобыль  АЭСиндеги  кыйроонун  кесепетин  жоюуда  радиациялык

таасирден  улам  багаар  адамынан айрылган,  өлгөн  же  курман  болгон

үйбүлөлөргө;

   4000 (торт мињ) сом өлчөмүндө:

   -  1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун залалдарын  жоюу

боюнча  обочолонгон  зонанын чегиндеги иштерге катышкан  же  ошол  эле

мезгилде Чернобыль АЭСиндеги эксплуатациялык же башка иштерди аткарган

адамдарга     (анын     ичинде    убактылуу     жиберилгендерге     же

командировкалангандарга), ошондой эле аскер кызматчыларына жана атайын

жыйын  боюнча чакырылган жана ошол мезгилде жогоруда аталган кыйроонун

залалдарын жоюу менен байланышкан иштерди аткарууга тартылган  аскерге

милдеттүүлөргө  жайгашкан  жерине  жана  аткарган  ишине   карабастан,

ошондой эле 1986-1987-жылдары обочолонуу зонасында кызмат өтөгөн  ички

иштер органдарынын начальник жана катардагы курамына кирген адамдарга;

   2500 (эки мињ беш жүз) сом өлчөмүндө:

   -  1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун залалдарын  жоюу

боюнча  обочолонгон  зонанын чегиндеги иштерге катышкан  же  ошол  эле

мезгилде Чернобыль АЭСиндеги эксплуатациялык же башка иштерди аткарган

мезгилде Чернобыль АЭСиндеги эксплуатациялык же башка иштерди аткарган

адамдарга     (анын     ичинде    убактылуу     жиберилгендерге     же

командировкалангандарга), ошондой эле аскер кызматчыларына жапа атайын

жыйын  боюнча чакырылган жана ошол мезгилде жогоруда аталган кыйроонун

залалдарын жоюу менен байланышкан иштерди аткарууга тартылган  аскерге

милдеттүүлөргө  жайгашкан  жерине  жана  аткарган  ишине   карабастан,

ошондой эле 1988-1989-жылдары обочолонуу зонасында кызмат өтөгөн  ички

иштер органдарынын начальник жана катардагы курамына кирген адамдарга.

   2.    Бир    жолку   акчалай   жөлөкпул   республикалык   бюджеттин

каражаттарынан төлөнө тургандыгы белгиленсин.

   3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

   -  бир  жолку  акчалай  жөлөкпулду  төлөп  берүү  үчүн  зарыл  акча

каражаттарын издеп тапсын;

   - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

   4.  Бул  Жарлыктын  аткарылышына контролдук  кылуу  милдети  Кыргыз

Республикасынын    Президентинин    Администрациясынын    стратегиялык

өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

   5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

   Кыргыз Республикасынын

        Президенти                                        К.Бакиев