Загрузка документа…
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-апрелиндеги № 172 Жарлыгы менен бекитилген 2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү СТРАТЕГИЯСЫ 1. Жүргүзүлүп жаткан салык саясаты Кыргыз Республикасында соњку жылдардагы салык саясаты (2001-жылдантартып) салык саясатын өркүндөтүүнүн Концепциясынын (2002-жылдан тар-тып) жана фискалдык реформанын Стратегиясынын (2002-жылдан тартып) ал-кагында жүргүзүлүп келди. Салык реформасын жүргүзүүгө түп-тамырынан бе-ри таасир тийгизген салык мыйзамдарына негизги өзгөртүүлөр2001-2004-жылдарда киргизилген. Акыркы төрт жыл бюджеттик кирешелер жаатында бюджеттик келиптүшүүлөрдүн туруктуу өсүш тенденциясы менен мүнөздөлдү. Консолидация-ланган бюджеттин кирешелери ушул мезгил ичинде Ички дүњ продуктунун 2,3пайызына көбөйдү же болбосо ИДПга карата алганда 2001- жылдагы 17,0 па-йыздан 2004-жылы 19,3 пайызга чейин жогорулады. Бюджеттик кирешелердин өсүшүн камсыз кылган негизги булак салыктыктүшүүлөр болду. Ушул жылдардын ичинде салыктык жыйымдардын көлөмү ИДП-нын 12,4 пайызынан ИДПнын 4,9 пайызына чейин өстү жана 2,5 пайыздыкпунктка жогорулады. Ушул мезгилдин ичинде ИДПны өндүрүүнүн жылдык орто-чо номиналдуу өсүшү 9,6 пайыз болуп, салыктык кирешелердин өсүшүнүнжылдык орточо көлөмү 116,2 пайызды түздү. Буга кошумча бюджеттик кире-шелердин структурасында салык жыйымдарынын үлүшү жалпы кирешелердин77,1 пайызына чейинки чекке жетип, иш жүзүндө 4 пайыздык пунктка жого-рулады, 2001-жылы ушул көрсөткүч 73,3 пайызды түзгөн болучу. Тикелей салыктардын жүгүн жењилдетүү жана чарбакер субъектилердинишине түрткү берүү максатында укуктук жактардын пайдасынан алынуучу са-лыктын өлчөмү 30 пайыздан 20 пайызга чейин төмөндөтүлдү (2002-жылы -табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъектилеринен башкабардык ишканалар үчүн жана 2003-жылы - монополисттер үчүн). Салыктарды жыйноону номиналдуу кыскартууга (2001-жылдын көлөмүнөсалыштырганда 2,5-7,5 процентке жакын) карабастан, 2002-2003-жылдардаишканалардын финансылык ишинин жыйынтыгы боюнча берилген декларациялар-га талдоо жүргүзүү аркылуу салык өлчөмүн төмөндөтүү салык салынуучу ба-заны 30-35 пайызга жакын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди. Жеке жактар үчүн да, ошондой эле бюджет жана жалпы экономика үчүнда 2002-жылы жеке жактардан алынуучу киреше салыгын чегерүүнүн шкаласынөзгөртүү сезилерлик мааниге ээ болду. Көмүскө кирешелерди ачыкка чыга-руу максатында киреше салыгынын жогорку чеги 33 пайыздан 20 пайызга че-йин төмөндөтүлдү. Мурда колдонулган ставканын төрт дењгээлдүү шкаласы-нан (5-33 пайыз) айырмаланып, бир эле мезгилде минималдуу эмгек акынынсалык салынбоочу эњ төмөнкү өлчөмүн 400 сомдон 650 сомго чейин жогору-латуу менен 10 жана 20 пайыздык эки ставка белгиленди, бул калктын азкамсыз болгон катмарларын коргоо максатында кабыл алынды. Салыктын эњ жогорку өлчөмүмүн төмөндөтүлүшүнө карабастан, жумушберүүчүлөр тарабынан кармалуучу киреше салыгынын көлөмү эки жылдыничинде 28 пайызга жогорулады, ал эми кирешелерин декларациялаган жекеишкерлерден алынган салыктын түшүшү 1,5 эседен ашык өстү. Келип түшкөн каражаттардын туруктуулугу салык салуунун патенттиксистемасын кењейтүү аркылуу да камсыз кылынды. Бүгүнкү күнгө карата па-тенттин негизинде салык салуу жүзөгө ашырылып жаткан экономикалык иша-ракет түрлөрүнүн тизмеси 130га чейин кењейтилди. 2001-2004-жылдарда бе-рилген патенттердин саны 477,5 мињ даанадан 605,5 мињ даанага чейин же-тип, 26,8 пайызга жогорулады. Натыйжада 2004-жылдын жыйынтыгы боюнчасалык салуунун патенттик системасынан түшкөн киреше 2003-жылдын дењгээ-лине салыштырганда 33,4 пайзыга көбөйдү. 2001-жыл менен салыштыргандапатенттерди берүүдөн түшкөн киреше 1,8 эседен ашык жогорулады. Бардык булактардан түшкөн салыктын өсүшүн эсепке алуу менен2004-жылы ИДПнын көлөмүндөгү киреше салыгынын өсүшү ИДПнын 0,1 пайыздыкпунктуна өстү жана ИДПнын 1,5 эседен ашык өстү. Кыйыр салык салуунун ролун күчөтүүнүн зарылдыгын эске алуу менен2001-2004-жылдарда бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун негизги булак-тарынын бири катарында кошумча нарк салыгынын потенциалдуу артыкчылык-тарын пайдаланууга багытталган чаралар көрүлдү. Салыктарды тескөөнүн дењгээлин жогорулатуу жана товарларды толукэсепке алууну камсыз кылуу максатында 2003-жылдын май айынан тартыпэсеп-фактуралар системасы киргизилди, алар олуттуу отчеттуулук бланкасыкатары кабылданат. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин салыктык жүгүн жењилдетүү максатын-да дары-дармек каражаттарына кошумча нарк салыгы жоюлду. Бюджеттеги ай-рым жоготууларга карабастан (дары-дармек каражаттарын четөлкөлөрдөн им-порттоодо жана чыгарууда). КНСти алып салуунун натыйжасында: 1) да-ры-дармек каражаттарын алып келүүнүн көлөмүнүн дээрлик 3 эсеге жогору-лашына, 2) дары-дармектердин көмүскө рыногун бир аздап ачыкка чыгаруу-га, 3) рынокту дары-дармектер менен толтурууга жетишилди. Мыйзамдык базаны өркүндөтүүнүн алкагында, өлкөнүн экспорттук по-тенциалына колдоо көрсөтүү жана кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу-нун жол-жоболорунун ачыктыгын жогорулатуу максатында 2003-жылдын июлун-да салыктар жана төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепкеалуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө жањы жобоиштелип чыкты жана бекитилди. Ушуга байланыштуу акыркы эки жылдын ичин-де экспорттук жөнөтүүлөр боюнча КНСтин ордун толтуруунун дењгээлининжогорулашы байкалууда. Мисалы, 2001-жылы чарба жүргүзүүчү субъекттертарабынан көрсөтүлгөн сумманын ичиндс салыктын ордун толтуруунун үлүшү69,2 пайызды түзсө, 2002-жылы 92,7 пайызды түзгөн, ал эми 2003-жылдынжыйынтыгы боюнча экспортточу ишканалар тарабынан ордун толтуруу үчүн ишжүзүндө көрсөтүлгөн 257,3 млн. сомдун 295,5 млн. сому бюджеттен ордутолтурулган, мында өткөн жылдар үчүн орду толтурулбаган сумманын калды-гы эсепке алынган. 2004-жылы экспорттоочу ишканаларга бюджеттен 409,4млн. сомдук кошумча нарк салыгынан орду толтурулган, бул өткөн жыл үчүнордун толтуруунун дењгээлинен 38,5 пайызга ашып кеткен. Бензинге жана дизелдик күйүүчү майга акциз салыгынын ставкаларынтөмөндөтүү импорттун жана салыктык түшүүлөрдүн көлөмүнүн өөрчүшүнө оњтаасир тийгизди. 2003-2004-жылдарда бензинге болгон акциз салыгынынставкасы бир тоннасы үчүн 3000 сомдон 800 сомго, дизелдик күйүүчү май-дыкы 800 сомдон 200 сомго чейин төмөндөтүлгөн. Акциз салыгынтөмөндөтүүнүн натыйжасында бензинди жана дизелдик күйүүчү майды импорт-тоонун салык салынуучу көлөмдөрү акыркы эки жылдын ичинде иш жүзүндө үчэсе жогорулады. Мында ушул чара жыл сайын импортко салынуучу салыктар-дын жалпы жогорулашынын 30 пайыздан ашыгын же жылына орточо 340 млн.сомго жакын каражатты камсыз кылган. Бензинге жана дизелдик күйүүчүмайга акцизди төмөндөтүү республикада күйүүчү-майлоочу материалдардынтовардык жүгүртүлүшүнө, анын ичинде чекене жана дүњ сооданын жогорула-шына оњ таасирин тийгизди. 2003-жылдын декабрынан тартып чекене бааларга байламталоо менентамеки буюмдарына акциз салыгынын ставкалары дифференцияланды жана бел-гиленди. Тажрыйба көрсөткөндөй, салык өлчөмдөрүнүн ийкемдүү шкаласынбелгилөө фискалдык тескөөнүн натыйжалуулугун олуттуу жогорулатуугакөмөк берди. Тамеки буюмдарынын рыногунун структурасынын жана сигарет-тердин орточо наркынын салыштырмалуу сакталышынын фонунда жыйымдардынолуттуу өсүшүн камсыз кылуу аны айгинелеп турат. Алсак, 2004-жылдын жы-йынтыгы боюнча тамеки буюмдарын импорттоодон жана өндүрүүдөн салыктар-дын түшүшү 27,5 пайызга же 116,8 млн. сомго, анын ичинде акциз жыйымда-ры 16,9 пайызга же 43,3 млн. сомго жогорулады. Салык системасын реформалоо боюнча 2002-жылдан тартып ишкердик кы-луунун айрым түрлөрү патенттик негизде милдеттүү салык төлөөгөөткөрүлдү. Бул чара 2002-жылы 63,2 млн. сом өлчөмүндөгү кошумча кирешетүшүүсүнө алып келди. 2003-2004-жылдардын ичинде милдеттүү патенттеш-тирүүдөн кирешелердин түшүшү жыл сайын 27,4 пайызга же 20 млн. сомгожакын жогорулап турду. 2002-жылы чекене соодадан алынуучу салыктын чектелген ставкасын 4пайызга чейин жогорулатууга байланыштуу жана салыктык тескөөнү жакшыр-туунун натыйжасында 2002-2004-жылдарда салыктын өсүшү ИДПнын 0,2 пайыз-дык пунктун, же жылына орточо 20 пайыздан ашыкты түздү. Кыргыз Республикасынын жањы Бажы кодекси кабыл алынды, ал 2005-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди жана Кыргыз Республикасынын ба-жылык чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алыпөтүүдө бажылык тариздөөнүн жана контролдоонун жол-жоболорун олуттуутүрдө жөнөкөйлөтүүчү жањы бажылык амалдарды колдонуу тууралуу жањы жо-болорду өзүндө камтыйт. Салыктык карыздарды жоюуда чарба жүргүзүүчү субъекттерге дем берүүүчүн "Чегерилген салыктар, пайыздар, финансылык жана айыптык санкцияларбоюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замы кабыл алынды, анда салык боюнча негизги карызын төлөгөн чарбажүргүзүүчү субъекттердин пайыздар жана каржылык санкциялар боюнча кары-зын кечип жиберүү каралган. Мындан тышкары, коррупцияга жана кызматтык ыйгарым укуктарын кыя-наттык менен пайдаланууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизмдеринтүзүү максатында "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээ-леп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын киреше-лери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоожана жарыялоо тууралу" Мыйзам кабыл алынды. Анда мамлекеттик жогоркукызматтарды ээлеген адамдардын кирешелерин жана мүлкүн декларациялоожана жарыялоо каралган. 2. Салык саясатынын максаты Салык саясатынын башкы максаты - жалпы салыктык жүктү азайтуу,Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъектилеринин тышкы экономи-калык ишин активдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялыкжигердүүлүккө түрткү берүү, салыктарды тескөөнү жакшыртуу жанаөнүгүүнүн мамлекеттик программаларын аткаруу аркылуу экономикалык ту-руктуу өнүгүүгө жетишүү багытында натыйжалуу иш алып баруу болуп эсеп-телет. 3. Салык саясатынын стратегиясы Стратегияга ылайык салык саясатынын эњ негиздүү багыттарынын биричарбакер субъекттерге салыктык жүктү жењилдетүү болуп саналат. Мында салык саясатынын Стратегиясын алга жылдыруу максатындатөмөндөгү өзгөчө маанилүү чараларды ишке ашыруу каралат: Жањы салык кодексин кабыл алуу, анда төмөндөгүлөр белгиленүүгө ти-йиш: - кыймылсыз мүлк салыгын натыйжалуу өндүрүп алуу жөнүндө жобонубекитүү. Ал биротоло киргизилгенден кийин көп сандаган жергиликтүү са-лыктарды жоюу жана рыноктук эмес салыктардын (авто жолдорду пайдаланууүчүн салыкты, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу фондусуна че-герүүлөрдү) өлчөмдөрүн төмөндөтүү жана жоюу мүмкүнчүлүгүн кароо; - автотранспорт каражаттарынан алынуучу салыкты үч эсе жогорула-туу; - 2006-жылдын 1-январынан тартып ишканалардын пайдасынан алынуучусалыктын өлчөмдөрүн 20 пайыздан 10 пайызга чейин, ал эми уруксат берил-ген табигый монополиялар үчүн 2007-жылдын 1-январынан тартып андан арытөмөндөтүү; - кредиттик союздардын пайдасынан алынуучу салыктар боюнча жењил-диктерди жоюу: - салык салынбай турган базалык минимумду 650 сом деп белгилөө ме-нен, жеке адамдардан алынуучу киреше салыгын 10 пайыз өлчөмүндө бир-диктүү ставканы белгилөө; - лотереялык утуштардан жана ишканалар берген баалу белектерденалынуучу киреше салыгы боюнча жењилдиктерди жоюу; - кошумча нарк салыгы боюнча каттоо чегин жогорулатуу; - айылчарба продукцияларын жөнөтүү үчүн кошумча нарк салыгын жоюу; - өндүрүшү, пайдалануу үчүн импорттолгон негизги каражаттарды ко-шумча нарк салыктан бошотуу; - башка акциздерди жойбостон, алкоголдук продукцияга акциздердинөлчөмүн жогорулатуу; - жер салыгынын өлчөмүн кайра кароо; - Бишкек эркин экономикалык зонасынан башка бардык ЭЭЗларды жоюу; - кирешелерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу; - "минималдуу шарттуу - эсептик салык салынуучу кирешени" киргизүүмүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгуу каралат. Аталган иш-чаралар төмөндөгүлөрдү талап кылат: - Жањы Салык кодексин кабыл алуу. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясын иштеп чы-гуу бир катар принциптүү милдеттерди чечүүгө, баарыдан мурдатөмөндөгүлөр үчүн жеткиликтүү жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган: - Кыргыз Республикасындагы салык саясатынын ушул Стратегиясын ишкеашырууга: - ишкердиктин субъекттеринин ишин жигердештирүүгө; - инвестициялардын келишине; - салыкты тескөөнү жакшыртуу; - адилет салык салуу үчүн шарттарды түзүү; - салыктык мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыла-ры менен жана жалпысынан өнөктөш өлкөлөрдөгү салык салуу менен шайкешкелтирүү; - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин карама-кар-шылыктарын жана ар кыл чечмеленишин жокко кылуу; - салыктык укук жагындагы акыркы теориялык иштеп чыгууларды эсепкеалуу менен Кыргыз Республикасындагы салыктык укук мамилелерин системагасалуу. Мында Салык кодексинин жањы редакциясы салык салуунун төмөндөгүпринциптерине негизделет: - салык салуунун милдеттүүлүгү; - салык салуунун аныктыгы; - салык салуунун адилеттүүлүгү; - салык системасынын бирдиктүүлүгү; - инвесторлор үчүн салыктык режимдин туруктуулугу; - салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдардын маалымдуулугу. Кыймылсыз мүлк салыгын натыйжалуу өндүрүп алуу жөнүндө жобону бе-китүү. Ал толук киргизилгенден кийин көп сандаган жергиликтүү салыктар-ды жоюу жана рыноктук эмес салыктардын (автожолдорду пайдалануу үчүнсалыкты, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу фондусуна че-герүүлөрдү) өлчөмдөрүн төмөндөтүү жана жоюу мүмкүнчүлүгүн кароо. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу фондусуна чегерүүлөрдүнставкаларын төмөндөтүү жана автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн салыктытолугу менен алып салуу чарбакер субъекттер үчүн салыктык жүктү олуттуутүрдө жењилдетүүгө алып келбейт (анткени ставкалар эњ төмөнкү өлчөмдө),ал эми мында бюджеттин жоготуулары олуттуу болот. Ошондуктан ушул чарабюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун компенсациялык булактары аныктал-ган шартта жүзөгө ашырылат, ал булактардын бири кыймылсыз мүлк салыгыболуп эсептелет. 2006-жылдын 1-январынан тартып ишканалардын пайдасынан алынуучусалыктын ставкаларын 20 пайыздан 10 пайызга чейин, ал эми уруксат бе-рилген табигый монополиялар үчүн 2007-жылдын 1-январынан тартып анданары төмөндөтүү; Кредиттик союздардын пайдасынан алынуучу салыктар боюнча жењилдик-терди жоюу; Чарба жүргүзүүчү субъекттердин реалдуу пайдасын ачыкка чыгаруу; Салык салынбай турган базалык минимуму 650 сом деп белгилөө мененжеке жактардан алынуучу киреше салыгынын 10 пайыз өлчөмүндөгү бирдиктүүставкасын белгилөө; Лотереялык утуштардан жана ишканалар берген баалуу белектерденалынуучу киреше салыгы боюнча жењилдиктерди жоюу; Ушул чара адилет салык салууга багытталган жана чарбакер субъекти-лердин эмгек акысын ачыкка чыгарууга жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкер-лерине колдоо көрсөтүүгө көмөк берет. Кошумча нарк салыгын каттоо чегин 2,5 млн. сомго чейин жогорула-туу, КНСти тескөөнү жакшыртуу; Айылчарба продукцияларын жөнөтүү үчүн кошумча нарк салыгын жоюу; Өздүк өндүрүшү, өздүк пайдалануу үчүн импорттолгон негизги кара-жаттар үчүн КНС төлөөдөн бошотуу; Чарбакер субъектилерге өндүрүштүк кубаттуулуктарды жањыртуу жанаөнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүү; Бөлөк акциздерди жойбостон алкоголдук продукцияга акциздерди жого-рулатуу; Ушул чаралар тескөөнү жакшыртууга, салык төлөөчүлөрдүн жоопкерчи-лигин күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет жана бюджеттин киреше бөлүгүн толту-рууга таасир зтет. Жер салыгынын өлчөмдөрүн кайра кароо; Адилет салык салууну киргизүү жана тескөөнү жакшыртуу; Салыктын өлчөмдөрүн шаарларда гана айылчарба багытында эмес жерлержана короо-жай участоктору үчүн үч жсеге жогорулатуу. Бишкек эркин экономикалык зонасынан башка бардык ЭЭЗларды жоюу. Адилет салык салууну киргизүү жана тескөөнү жакшыртуу. Кирешелерди ачыкка чыгаруу жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу; Бул мыйзамда мамлекет тарабынан Кыргыз Рсспубликасынын жарандары-нын мурда ачык экономикалык жүгүртүүдөн чыгартылган жана декларациялан-баган акчаларын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн ачыкка чыгаруу боюнчабир жолку гана акция жүргүзүүнү карайт. Мыйзамды кабыл алуу кошумча каржылык каражаттарды Кыргызстандынэкономикасына тартууга мүмкүнчүлүк берет. "Минималдуу белгиленген салык салынуучу кирешени" киргизүүмүмкүнчүлүгүн изилдөө. Чакан ишкерликтин субъекттеринин салык системасын жөнөкөйлөтүү жа-на өркүндөтүү. Кыргыз Республикасында салык саясатынын аталган иш-чараларынжүргүзүү менен бирге салык саясатынын бул стратегиясынын алкагындатөмөндөгүлөр аркылуу: - кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келе турган салыктарды жана жы-йымдарды жашырууда аныкталган чектик дењгээлди төмөндөтүү; - кирешелерди эсепке алууну жүргүзүүнү бузуу үчүн жоопкерчиликтикатаалдаштыруу (анын ичинде контролдук-кассалык машинаны колдонуу боюн-ча мыйзамдарды бузуу жана башкалар үчүн); - Контролдук-кассалык машинаны колдонууну тескөөнү жакшыртууга ба-гытталган механизмдерди иштеп чыгуу; - чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан туура деп табылган салыктыккарыздын суммасын бюджетке өндүрүүнүн механизмин жөнөкөйлөтүү; - салык төлөөчү тарабынан туура деп табылган салыктык карыздынсуммасын банктагы эсептешүү эсебинен талашсыз тартипте өндүрүп алуу; - салык кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу; - салык органдарынын кызматкерлеринин социалдык коргоонун кепилди-гин алуу (пенсиялар, жөлөкпул, дарылоо ж.б.) - салык кызматын автоматташтыруу жана жањылоо аркылуу ишжүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга көњүл буруу зарыл.