Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 20-апрелиндеги № 178 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Акыйкат башкаруу боюнча Консультациялык кењешти жоюу жөнүндө Мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн андан ары оптималдаштыруумаксатында жана Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнчаУлуттук кењешинин жана Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуубоюнча Улуттук агенттигинин түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылам: 1. Акыйкат башкаруу боюнча Консультациялык кењеш жоюлсун. Мыйзамда белгиленген тартипте Акыйкат башкаруу боюнча Консульта-циялык кењештин катчылыгы мыйзамда белгиленген тартипте жоюлсун. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы оперативдүүбашкаруу укугунда Акыйкат башкаруу боюнча Консультациялык кењештинкатчылыгына бекитип берилген мүлктү белгиленген тартипте кайтарып алууну камсыз кылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкөтү бир айлык мөөнөттө: - ушул Жарлыктан келип чыккан бардык уюштуруу-укуктук маселелердибелгиленген тартипте чечсин; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү Жарлыктары күчүнжоготту деп табылсын: - 2004-жылдын 12-февралындагы № 54 "Акыйкат башкаруу боюнча Кон-сультациялык кењешти түзүү жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 4-майындагы№ 152 "2004-жылдын 12-февралындагы № 54 "Акыйкат башкаруу боюнчаКонсультациялык кењешти түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү тууралу"; - 2004-жылдын 25-октябрындагы № 364 "Акыйкат башкаруунун меха-низмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө"; - 2005-жылдын 10-февралындагы № 54 "Акыйкат башкаруу боюнчаКонсультациялык кењештин ишин уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө". Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев