Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы ПЖ N 392 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-апрели ПЖ N 189 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр ишинин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы Указына толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер комиссариатынынсистемасын өркүндөтүү жана иретке келтирүү максатында токтом кылам: "Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндөгү кадр ишинин айрыммаселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын8-октябрындагы Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо ми-нистрлигиндеги жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлеген аскердиккызматтардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын: "9. 1-разряддагы областтык аскер комиссары - 2". 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-йык келтирсин. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев