КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 4-майы ПЖ № 202 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасында демократиялык процесстерди андан ары өркүндөтүүгө багытталган чаралар жөнүндө Демократиялык мамлекетти куруу, мамлекеттик жана коомдук маанилүүиштерге жарандардын катышуусуна реалдуу шарттарды түзүү азыркы жарандыккоомдун негизги жетишкендиктеринин бири болуп саналат. Ар бир адамдын өз ойпикирин билдирүүгө, сөз жана басмасөз эркинди-гине укугун, жарандардын тынчтык жол менен, куралсыз чогулууга жана чо-гулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана пикеттердиөткөрүүгө укугун камсыз кылуу максатында, жалпы таанылган демократиялыкпринциптерди Кыргыз Республикасы кыйшаюусуз жактай тургандыгын ырастап,токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жа-рандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен: Кыргыз Республикасында оппозициялык иштин гарантияларын, оппозици-янын өкүм сүрүшүн жана ишин караган; жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик колдоого, мамлекеттикоргандар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдары тарабынан журналисттерге жана жалпыга маа-лымдоо каражаттарына кысым көрсөтүүнү жоюуга жана ар бир адамдын өз ой-пикирин билдирүүгө, сөз, басмасөз эркиндигин, ойпикирлерди жана ынаным-дарды тоскоолдуксуз айтууга укугун бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдардынжоопкерчилигин жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чык-сын; - бул мыйзам долбоорлорун талкуулоо үчүн жалпыга маалымдоо кара-жаттарына жарыяласын жана келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштардыэске алуу менен аларды жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин кароосуна киргизсин. 2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы-нын Юстиция министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Конститу-циясында жана мыйзамдарында тыюу салынбаган сөз эркиндигине жана ара-кеттердин эркиндигине ар бир адамдын укугун чектөөгө жол бербөө макса-тында мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы-на жана алардын кызмат адамдарына контролдукту жана таасирдүү көзөмөлдүдайыма жүргүзсүн. 3. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев