Загрузка документа…
КР Президентинин 2010-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 304 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2006-жылдын 8-майы ПЖ № 205
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Ж.Жекшеев кабыл алуу-өткөрүү актысынын негизинде документацияларды, материалдык байлыктарды жана башка мүлктү кабыл алууну белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Кыргыз Рсспубликасынын Президентинин 2004-жылдын 23-июнундагы № 205 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республнкасынын
Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 8-майындагы № 205
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын КУРАМЫ
Сарыгулов Дастан Исламович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, комиссиянын төрагасы;
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри, төраганын билим берүү боюнча орунбасары;
Бекбоев Аскарбек Абдыкадырович - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекетгик университетинин ректору, төраганын илим, маалымат жана коммуникация боюнча орунбасары;
Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын Маданият министри, төраганын маданият боюнча орунбасары;
Жекшеев Жыпар - Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын башкы катчысы.
Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы;
Сарыбаев Асанбек Мукашевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармасынын начальниги;
Кыдыров Талайбек Тургумбаевич - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Боронбаева Токтокан Жолуевна - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жооптуу катчысы;
Үтөбаев Шамшибек Тагаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза секторунун башчысы;
Плоских Виктор Михайлович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Давлетова Назира Мамытбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин ишин камсыз кылуу боюнча бөлүмдүн эксперти;
Карабаев Эднан Өскөнович - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин проректору;
Алдашев Алмаз Абдулхаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун башкы илимий катчысы;
Чочунбаева Динара Илимбековна - Борбордук Азиянын элдик уздар Ассоциациясынын президенти.