Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-майы ПЖ N 273 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Баткен, Жалалабат, Ош областтарынын жана Ош шаарынын мамлекеттикбашкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын түштүк регио-нун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана коомдук-саясий кырдаалдыандан ары чыњдоого багытталган чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу бо-юнча өзара тыгыз иштешин жана аракеттерин координациялоону камсыз кылуумаксатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын,46-статьясынын 1-пунктунун 10-пунктчасын жетекчиликке алуу менен токтомкылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынынтүштүк региону (Баткен, Жалалабат, Ош областтары жана Ош шаары) боюнчаыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат орду (мындан ары - Кыргыз Республикасы-нын Президентинин түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү)түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы он күндүкмөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк региону боюнча ый-гарым укуктуу өкүлү жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республика-сынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарыменен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк региону бо-юнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишине ар тараптан көмөк жана колдоокөрсөтсүн; - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-селелерди чечсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайыккелтирсин. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев