Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 24-майы ПЖ N 282 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын алкоголь тармагын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын алкоголь тармагын башкаруу түзүмүн анданары оптималдаштыруу максатында токтом кылам: 1. "Алкопром", "Карабалта спирт заводу" мамлекеттик ишканалары,"Каракол" спирт заводу". Талас областынын Акдөбө айылындагы спиртөндүрүшү бар "Мини-кант заводу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-туу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатыпоткөрүүгө контролдук боюнча мамлекеттик инспекциясынан чыгарылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкогольпродукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүүгө контролдук боюнчамамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спиртжана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнчамамлекеттик агенттигине кайра түзүлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте: - бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь про-дукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агент-тигинин карамагына спирт жана алкоголь продукциясын чыгарууга, сактоогожана сатып өткөрүүгө лицензия берүү, алкоголь продукциясынын импорттоокөлөмүн квоталоо, спирт жана алкоголь продукциясын сатуу эрежелерин ат-карууга контролдук кылуу функцияларын берүүнү кароо менен ал жөнүндөЖобону иштеп чыксын жана бекитсин; Ликерарак продукциясын чыгарган чарба жүргүзүүчү субъекттердин Ре-естринин формасын иштеп чыксын жана бекитсин, ошол Реестрди жүргүзүүгөКыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттиккомитетине ыйгарым укук берсин; - эки айлык мөөнөттө: - "Алкопром" мамлекеттик ишканасынын оперативдүү башкаруусуна ли-керарак продукциясын чыгарган чарба жүргүзүүчү субъекттердеги акциялар-дын мамлекетгик пакетин (үлүшүн) өткөрүп берсин; - тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешине жана ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдикукуктук актыларга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республи-касынын Президентинин кароосуна киргизсин; - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-селелерди чечсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайыккелтирсин. 4. "Карабалта спирт заводу", "Каракол" спирт заводу", Талас облас-тынын Акдөбө айылындагы спирт өндүрүшү бар "Мини-кант заводу" жана "Ал-копром" мамлекеттик ишканаларынын ишин координациялоо милдети КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чы-гаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агентгигинежүктөлсүн. 5. "Карабалта спирт заводу", "Каракол" спирт заводу", Талас облас-тынын Акдөбө айылындагы спирт өндүрүшү бар "Мини-кант заводу" жана "Ал-копром" мамлекеттик ишканаларынын жетекчи кадрларынын курамы КыргызРеспубликасынын Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги N 188 "Менчи-гинде мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордо корпорациялык башка-руунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгында каралган принципбоюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкогольпродукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттикагенттигинин сунушуна ылайык калыптандырыла тургандыгы аныкталсын. 6. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз РеспубликасынынУлутгук банкынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-рлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекетгик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спиртжана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнчамамлекеттик агенттигинин катышуусу менен "Кыргызалко" мамлекеттик акци-онердик корпорациясынын ишине аудит жүргүзсүн жана анын натыйжасы боюн-ча Кыргаз Республикасынын Өкмөтүнө аталган Корпорацияны жоюу боюнча ча-ралар жөнүндө тийиштүү сунуш киргизсин. 7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрында-гы N 462 "Кыргыз Республикасынъы мамлекеттик башкаруу органдарынынтүзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизил-син: - 4-пунктта: "а)" пунктчасы төмөнкү мазмундагы жањы абзац менен толукталсын:"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукци-ясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиги;"; "б)" пунктчасынын төртүнчү абзацы алып салынсын. 8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүүжана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн. 9. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев