Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 26-майындагы ПБ 289 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмүнө жањы кызмат орундарынын киргизилгендигине байланыштуу токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 12-октябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө"
Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курамына кирген кызмат адамдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн тизмеси" деген № 1 тиркеменин жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кењешчисинин жардамчыларынын тобу". 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө"
Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүнүн "Кыргыз Респуб-ликасынын башчысы" бөлүкчөсүнүн III тобу төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кењешчиси"; - экинчи - он биринчи абзацтар тийиштүү түрдө үчүнчү - он экинчи абзацтар деп эсептелсин; - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 2 тиркеменин "Мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын кењешчилери, жардамчылары жана консультанттары" деген IX бөлүктүн "Башкы кызмат оруну" категориясынын Г2 тобу төмөнкү мазмундагы бешинчи абзацменен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кењешчисинин жардамчысы"; бешинчи - тогузунчу абзацтар тийиштүү түрдө алтынчы - онунчу абзацтар деп эсептелсин. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев