Загрузка документа…
КР Президентинин
2008-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 408 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2006-жылдын 30-майы ПЖ № 299
Кыргыз Республикасыныи Ички иштер министирлигинин
Паспорттук жана визалык контролдук кылуу
департаменти жөнүндө
Паспортторду берүүнүн коопсуз жана коррупцияга каршы системасын түзүү. Кыргыз Респүбликасынын ички иштер органдарынын паспорттук бөлүмдөрүн өркүндөтүү жана реформалоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорттук жана визалык иштер башкармасы республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде өзалдынча юридикалык жактын статусу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контролдук кылуу департаментине өзгөртүп түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин Паспорттук жана визалык контролдук кылуу департаменти жөнүндө Жобону бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди, анын ичинде бошогон кызматкерлерди ишке орноштуруу маселелерин чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |