Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июнундагы № 312
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө ЖОБО 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынынтүштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат орду (мындан ары- ыйгарым укуктуу өкүлү) Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалалабат, Ошоблустарында жана Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин аты-нан өкүлдүк кылган кызмат адамы болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын аталган облустарынынчегинде мамлекет башчысынын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгөашырышын камсыз кылат. 2. Ыйгарым укуюуу өкүл мамлекетгик кызматчы болуп саналат жанакызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президентинин АдминистрациясынынЖетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынандайындалат жана бошотулат. 3. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конститу-циясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыкта-рын жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдетгери болуп төмөнкүлөр са-налат: - түштүк региондо Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган мам-лекеттик ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын мамлекеттик жанажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жүзөгө ашырышы боюнча иштиуюштуруу; - түштүк регионунда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө,ошондой эле түштүк регионундагы саясий, социалдык жана экономикалыкабал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине туруктуу доклад кылыптуруу, Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуштарды кир-гизүү. 5. Ыйгарым укуктуу өкүл ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүнтөмөнкүдөй функцияларды аткарат: - түштүк регионунун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү чара-ларынын комплексин жүзөгө ашырууга жана коомдук-саясый кырдаалды чыњдо-ого катышат; - түштүк регионуна жамаатташ мамлекеттер менен чегара мүнөзүндөгүмаселелерди чечүүдө мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдынчабашкаруу органдарынын ишин координациялайт; - региондук (областтар аралык) аткаруу органдарынын ишине тиешелүүкадрдык жана башка маселелерди мүмкүн болгон чечүү боюнча тиешелүү су-нуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине жана Премьер-министринекиргизет; - мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-дарынын саясий партиялар, башка коомдук жана диний бирикмелер мененөзара аракетгенүүсүн уюштурат; - тиешелүү органдар жана уюмдар менен бирдикте түштүк регионду со-циалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга ка-тышат; - түштүк регионду өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүүпрограммаларын тиешелүү органдар менен бирдикте турмушка ашырууну кам-сыз кылууга бирге кетышат; - түштүк региондо терроризмдин жана диний экстремизмдинкөрүнүштөрүн жоюу менен байланышкан маселелерди чечүүдө мамлекеттикбашкаруу, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоооргандарынын ишин координациялайт; 6. Ыйгарым укуктуу өкүл төмөнкүлөргө укуктуу: - белгиленген тартипте мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзал-дынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан зарыл мате-риалдарды суратууга жана алууга; - мамлекеттик, анын ичинде өкмөттүк байланыш системаларын жанакоммуникацияларды пайдаланууга; - ыйгарым укуктуу өкүлдүн максаттарынан жана функцияларынан келипчыккан башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга. 7. Ыйгарым укуктуу өкүл кызматтык милдеттерин аткаруу учурундатүштүк регионунун чектеринде турган ар кандай мамлекеттик уюмдарга жанамекемелерге тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу. 8. Ыйгарым укуктуу өкүлдү материалдык-техникалык, транспорттук,медициналык жана социалдык-турмуш-тиричилик жактан камсыз кылууну, кыз-маттык жайлар жана тейлөөчү персонал менен камсыз кылууну, ошондой элебашкача камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкар-масы, ошондой эле түштүк регионунун аймагындагы мамлекеттик башкаруунунжана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу органдары Кыргыз Респуб-ликасывын мыйзамында белгиленген шарттарда жана ченемде жүзөгө ашырат. 9. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн турган жери Кыргыз Республикасынын Ошшаары болуп саналат.