Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 1-июлу ПЖ №343
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
Республиканын илимий мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек
акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Республиканын илимий мекемелеринин кызматкерлерин колдоо, ошондой
эле алардын кесиптик беделин көтөрүү максатында токтом кылам:
1. Эмгек акысы Бирдиктүү гарифтик торчо менен аныкталган илимий
мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы 2006-жылдын 1-июлунан
баштап 20 процентке жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул жарлыктын 1-пунктун аткаруу үчүн зарыл каражаттарды издеп
тапсын.
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев