Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/1
Каракол шаарынын прокуратурасынын, 2017-жылдын 1-мартындагы, "Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү" предписаниесин карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөргө ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентине төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
VI-бөлүмүнүн, 42-пунктундагы: "Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчылыгына талапкерди Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы сунуштайт жана ал Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына катышып жаткан депутаттардын көпчүлүк добушу менен бекитилет" деген сөздөр алынсын жана алардын ордуна "Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жоопту катчысынын талапкерлигин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык көрсөтөт" деп жазылсын;
Х–бөлүмүнүн, 84-пунктунун, 14-подпунктунун "Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысын дайындоо жана аны кызматтан бошотуу" деген сөздөр алынсын;
Регламенттин ар бир пунктунан жана подпунктунан "партиялык тизмектин негизинде" деген сөздөрдөн кийин, "жана шайлоочулар тобунан" деген сөздөр алынсын;
XXIV – бөлүмүнүн, 190 номерине, кошумча пункт киргизилип, төмөнкүдөй текст жазылсын: Каракол шаардык депутаттар Кеңеши өз ишмердүүлүгүндө, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигин эске алат;
XXV –бөлүмүнүн, 190-пунктунун номери, 191 номерге өзгөртүлсүн;
Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Токтом ММКларда жарыялансын.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары У.Ж.Иманакуновго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |