Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII - сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 236
Арал айыл өкмөтүнүн балансындагы ижарага берилген техникалардын бюджетине төгүлүүчү ижара акысынан, комбайндардын ремонт иштерине жумшалган акча-каражатын кыскартуу жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн балансындагы ижарага берилген техникалардын Арал айыл өкмөтүнүн бюджетине төгүлүүчү ижара акысынан, комбайндардын ремонт иштерине жумшалган акча-каражатын кыскартуу жөнүндөгү ижарачы Б. Сыдыгалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн балансындагы жалпы ижарадагы техникалардын ичинен бир комбайн таш сугунуп көп тетиктери жараксыз болуп, дөңгөлөктөрү айрылып жараксыз абалга келгендиктен жана комбайндын ремонтуна кеткен чыгымдар түзүлгөн комиссиянын аныктоосу боюнча жылдагы ремонт иштерине караганда 140 миң сомго ашыкча болгондуктан, ошол эле учурда комбайндарды күзгү эгин чабууга даярдоо иштерин токтотпоо максатында жаздан берки иштеп тапкан айдоочулардын айлык акылары дагы ремонт иштерине жумшалгандыгына байланыштуу, Арал айыл өкмөтүнүн балансындагы жалпы ижарадагы техникалардын бюджетке төгүлүүчү 300 миң сом ижара акысынан, 140 миң сом акча каражатын кыскартуу талапка ылайык экендиги белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Асанов |