Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII - сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 237
900 метр аралыктагы суу түтүктөрүн жаңыртуу жөнүндө
Арал айылындагы К.Сейдакматов көчөсүнүн этегиндеги Касен уулу Жолдошкан мечитинен баштап эски универмаг магазинине чейинки 900 метр аралыктагы суу түтүктөрүнүн сапатынын начар болгонуна байланыштуу, башкы “Кодол” таза суу резервуарынан келген суу басымына чыдабай суу түтүктөрү буга чейин ар кайсы жеринен жарылып жаткандыктан жана айыл тургундарына коронавирус эпидемиясы болуп жаткан учурда таза сууну үзгүлтүксүз берип туруу учурдун талабы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы К.Сейдакматов көчөсүнүн этегиндеги Касен уулу Жолдошкан мечитинен баштап эски универмаг магазинине чейинки 900 метр аралыктагы суу түтүктөрүнүн сапатынын начар болгонуна байланыштуу, башкы “Кодол” таза суу резервуарынан келген суу басымына чыдабай суу түтүктөрү буга чейин ар кайсы жеринен жарылып жаткандыктан жана айыл тургундарына коронавирус эпидемиясы болуп жаткан учурда таза сууну үзгүлтүксүз берип туруу учурдун талабы экендигин белгиленсин.
2. Керектелүүчү акча-каражатын бюджеттин ремонттук чыгымдар бөлүмүнөн бөлүштүүрү жагы Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Изабаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Асанов |