Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII - сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 238
Айылдагы “Маша ” көрүстөнүн курчоо жөнүндө
Айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын башындагы айылдагы «Маша» көрүстөнүнүн бир бөлүгүндөгү каза болгон ымыркайлардын коюлган сөөктөрүн белгисиз жаныбарлар казып кетип жаткандыгына байланыштуу “Маша” көрүстөнүн тегерете курчоо талапка ылайык экендиги белгиленсин. Айыл тургундарынын жазган арызын канааттандыруу үчүн Арал айылынын кире бериш жерине курулуп жаткан Аркага деп бөлүнгөн 200 миң сом акча каражаты жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Асанов |