Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII - сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 241
Адвокат Райымкул уулу Касымбекке кошумча сый акы төлөө жөнүндө
Каракол жайлоосундагы жайыт талашуу боюнча соттук процессте Арал айыл өкмөтүнүн таламын жактоо боюнча Райымкул уулу Касымбектин адвокаттык ишти жакшы алып баргандыгы жана соттук процесс Арал айыл өкмөтүнүн пайдасына чечилгендиги жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол жайлоосундагы жайыт талашуу боюнча соттук процессте Арал айыл өкмөтүнүн таламын жактоо боюнча адвокаттык ишти жакшы алып баргандыгы үчүн Арал айыл өкмөтү тарабынан Райымкул уулу Касымбек 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйлансын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Асанов |