Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-августу № 10
Таштанбеков Турарбек Жылкычиевичтин кашар жана чабан үй куруу боюнча жазган арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Осмонкулов айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Булак айылынын тургуну Таштанбеков Турарбек Жылкычиевичке кашар жана чабан үй куруу үчүн Осмонкулов айыл аймагынын административдик чегиндеги “Негизги” (Үч-Эмчек) участогунун № 272 чөйрө сызыгындагы жалпы аянты 0,10 га жер участогун “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын башка жерлер (курулуш алдындагы) жерлерге которууга (трансформациялоого) уруксат берилсин.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо, арыз ээсинин жеке каражатынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү корутундуларды алуу үчүн иш кагаздарды жана Талас райондук жер комиссиясына сунушту даярдоо жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Джумаев |