Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 15
Осмонкулов айыл өкмөтүнө Республикалык өз ара эсептешүү счетунан түшкөн 1300000 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке түшкөн 1 млн. 300 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү үчүн айыл элинин арыз даттанууларын угуп, айыл аймагындагы көйгөйлөрдү аныктап чыгып, маданий мекемелеринин муниципалдык менчиктеги имараттарды, курулмаларды карап чыгып, Осмонкулов айылдык Кеңешинин 4-кезектеги сессиясынын 5-протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1300,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- С.Ибраимов атындагы маданият үйүнө, көрүүчүлөр отуруу үчүн отургучтарды сатып алууга 765,0 миң сом.
- Осмонкулов айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги маданият үйүнүн ички бөлмөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 535,0 миң сом
2. Токтомдун аткарылышын, бөлүнгөн акча каражатын сметага отургузуу жагын каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Төкөналиевге жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Джумаев |