Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 16
2019-жылдын бекитилген бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
2019-жылдын бекитилген бюджетинен мамлекеттик сатып алуудагы үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүүдө, айыл аймагындагы муктаждыктарды карап чыгып, Осмонкулов айылдык кеңешинин 4-кезектеги сессиясынын 5-протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын бекитилген бюджетинен бала бакчанын электр энергиясындагы чыгаша статьясынан үнөмдөлгөн акча каражатын айыл өкмөтүндөгү жаңы жылдык иш чараларды уюштурууга белектерди сатып алуу үчүн 55,0 миң сом которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын, бөлүнгөн акча каржатын сметага отургузуу жагын каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Төкөналиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Джумаев |