Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 18-январы № 1
Аманбаев айылдык Кеңеши айыл өкмөт жетекчисинин “Фонд Благосостояние Бакубат Талас” фондуна долбоор сунушу жөнүндөгү маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айыл аймагынын Суулу - Маймак айылында болгон жыйында кабыл алынган чечим кабыл алынсын.
2. “Фонд Благосостояние Бакубат Талас” фондусунан Суулу- Маймак айылындагы Э.Эсенаманов орто мектебинин терезе-эшиктерин алмаштыруу боюнча долбоорун колдоп берүү менен “Фонд Благосостояние Бакубат Талас” фондусунан 960437( тогуз жүз алтымыш миң төрт жүз отуз жети) сом суралсын.
3. Долбоордун талабы боюнча тиешелүү болгон иш- кагаздары өз убагында даярдоо айыл өкмөт жетекчилигине тапшырылсын
4. Долбоор колдоого алынган кезде долбоордогу айыл өкмөтүнүн салымы катары каралган 20 000( жыйырма) миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2019- жылдын каржылоосун кароодо кабыл алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |