Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 13 сессиясы
2019-жылдын 5-марты № 1
Аманбаев айылдык аймактык Кеңеши. Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү негизги бюджетинин жана атайын каражаттар бюджетинин долбоорун карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айылдык аймактык Кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү негизги бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 14020,8 миң сом, чыгаша бөлүгү боюнча 14020.8 миң сом өлчөмүндө. атайын каражаттар бюджетинин киреше 1540.5 миң сом, чыгаша бөлүгү 1540. 5 миң сом өлчөмүндө. жалпысынан 15561.3 миң сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын түшүүсү белгиленсин
катар | статьялары | Киреше булактарынын аталышы | жалпысы |
|
| |
1 | 11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 4106.0 |
|
| |
2 | 11122200 | Ыктыярдуу патент негизиндеги салык | 950.0 |
|
| |
3 | 11311200 | Кыймылсыз мүлккө салык | 34,0 |
|
| |
4 | 11312120 | Көлүк каражаттарына салык | 760,0 |
|
| |
5 | 11321100 | Жер участокторуна физикалык жактар үчүн салык | 288,0 |
|
| |
6 | 11321200 | Жер үлүштөрүнө юридикалык жактар үчүн салык | 1168,2 |
|
| |
7 | 11321300 | Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык | 460,0 |
|
| |
8 | 114121100 | Сатуудан алынуучу салык | 900,0 |
|
| |
9 | 70182 | Теңдештирүүчү грант | 2834,6 |
|
| |
10 | 14151200 | Жер казынасын пайд-уу укугуна лиц карм | 120,0 |
|
| |
11 | 14152200 | Жайыт үчүн ижара акы | 600,0 |
|
| |
12 | 14152600 | КФБунун жерлери үчүн ижара акы | 1700,0 |
|
| |
13 | 14153200 | Муниципалдык менчиктеги имараттардан ижара акы | 100,0 |
|
| |
14 | 142222 | Мамлекеттик жыйымдар |
|
|
| |
15 | 14238900 | Ата- энелерден балдар үчүн чогултуучутөлөмдөр | 1540,5 |
|
| |
16 | 143111000 | Административдик айыптар |
|
| ||
|
| Жалпы түшүүчү киреше | 15561,3 |
| ||
2. 2019-жылга Аманбаев айыл өкмөтүнүн негизги жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттар бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпысынан 15561.3 миң сом төмөнкү бөлүмдөр боюнча бекитилси:
Анын ичинен:
Айыл өкмөтүнүн аппаратына5315.7 миң сом
Коргоо бөлүмү боюнча 150.0 миң сом
Жайыт бөлүмү боюнча-600.0 миң сом
Турак – жай, коммуналдык чарба тармагына-1562.0 миң сом
Китепкана-243,8
Маданият үйү жана айылдык клуб-517.6
Парк-114.0 миң сом
Спорттук иш- чаралар-75,0 миң сом
Орто мектептер-2 351.0
Балдар бакчасы- 2 901,7
Социалдык коргоо- 190.0 миң сом
Атайын каражаттар ата- энелер төлөмү- 1 540,5 миң сом
3. Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2019- жылкы жергиликтүү бюджетинин киреше булактарынын тартыштыгынан жана чыгым статьяларына кирешенин жетишпегенине байланыштуу Республикалык бюджеттен мектептердин жана балдар бакчаларынын көмүр чыгымдарына 883.3 миң сом жана электр энергиясына 1170,0 миң сом жалпысынан 2053.0 миң сом акча каражаттары суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктуулуктун негизги принциптери жөнүндөгү” 11.06.1998 жыл №78 мыйзамынын кийинки өзгөртүүлөрүнө жана толуктоолоруна ылайык, 2017- жылга каралган айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жалпы чыгашасынан 1%-136,3 миң сом Резервдик фонд түзүлсүн.
5. Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында “кол тийгис акча каражаттарын камдоону уюштуруу жөнүндө” буйругунун негизинде Аманбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин- 150.0 миң сом акча каражаты “Коргоо” бөлүмүнө коюлсун.
6. Аманбаев айылдык аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт бөлүмүнө түшкөн кирешени 3/1 бөлүгү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине алынсын.
7. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери ижарага келишим аркылуу конкурс жана аукциондон негизинде берилсин.
8. Ата- энелерден. Балдар үчүн чогултуучу каражат( ата- энелер төлөмү) 2019- жылга кенже, орто жана жогорку тайпадагы балдарга 20-00 тамак- ашка кеткен чыгымдардын 50% өлчөмүндө төлөм бекитилсин.
9. Суулу- Маймак айылындагы “Маймак ата” жана Ак- жар айылындагы “Аккан Таза суу” ИСКАКБларынын ичкен таза суу үчүн 1.0т сууга-20-00 сомдон же болбосо жан башына 15-00 сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.
10. Аманбаев айыл өкмөтүнүн. Айыл аймактарындагы атайын таштанды таштоочу жайдан башка жайларга, таштанды таштап айлана чөйрөнү булгаган жарандарга 5.0 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөсү бекитилсин.
11. Аманбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша статьяларына кошумча киреше жана чыгашаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү Аманбаев айылдык аймактык Кеңешинин сессиясынын токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн.
12. Аманбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана бюджеттик каражаттардын токтомдо белгиленген чыгым статьялары боюнча аткарылышы, айыл өкмөтүнүн Каржы- экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кудайбергенов Н.О. милдеттендирилсин.
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |