Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 13 сессиясы
2019-жылдын 5-марты № 3
Аманбаев айылдык кеңеши Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы М. Темирбековдун өз каалоосу менен кызматынан кетүү боюнча кеңешке жолдонгон арызын жана 2018-жылы аткарылган иш-чаралар боюнча маалыматын талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Темирбековдун өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча жазган арызы канаттандырылсын
2. Арызы канаттандырылган токтом, Кара- Буура райондук мамлекеттик администрациясы башчысы аким Б. Сыдыкназаровго жолдонсун жана жазгы жумуштар башталганча мыйзамдуу аракет көрүү жагы суралсын.
3. 2018-жылда аткарылган иш-чаралар боюнча өкмөт башчысы М. Темирбековдун маалыматы кабыл алынсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |