Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 14 сессиясы
2019-жылдын 24-апрели № 2
Аманбаев айылдык Кеңешинин депутаттары, Кара- Буура районунун Билим берүү мекемесинин жетекчиси менен Ч. Айтматов орто мектебинде болуп жаткан мыйзам бузууларды талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айыл өкмөтүнө караштуу Ч. Айтматов орто мектебинде окуучулардан чогултулуп жаткан акча каражаттарынын мыйзамдуулугун жана сарпталышынын иш-кагаздарын толук түрдө текшерүү үчүн убактылуу комиссия түзүлсүн.
2. Комиссиянын курамына Аманбаев айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук жана этика, бюджет жана финансы, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын төрагалары, райондун билим берүү мекемесинин башкы эсепчиси, жетектөөчү методисти, башкы адиси, кадр кызматы боюнча адиси киргизилсин.
3. Комиссия Аманбаев айыл өкмөтүнө караштуу мектеп, бала- бакча жетекчилеринин, Кара- Буура районунун билим берүү мекемеси менен түзүлгөн келишимдерин, буйруктарын текшерип чыксын.
4. Комиссиянын чыгарган чечими Билим берүү министрлигине жана Укук коргоо органдарына өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |