Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 15 сессиясы
2019-жылдын 29-майы № 1
Аманбаев айылдык Кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга социалдык-экономикалык абалдарын жакшыртуу үчүн социалдык пакет катары ”Вертекс Голд” компаниясынан түшүп жаткан акча каражаты жөнүндөгү маселелерди талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга “Вертекс Голд” компаниясынан берилүүчү социалдык пакет, толук түрдө айыл өкмөт башчысынын көзөмөлүнө алынсын.
2. 2015-жылдан тарта берилген акча каражаттары кайсы максатта жумшалгандыгы, банк дүмүрчөктөрү, баардык тиешелүү иш- кагаздары протоколдору тастыкталгандыгын Кара- Буура райондук каржы полиция аркылуу толук текшерүүдөн өткөрүлсүн.
3. Аманбаев айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга түшүп жаткан социалдык пакеттерден, ошол айылдардагы мектепте, балдар- бакчаларынын ремонт иштерине, майрамдык иш- чараларына милдетүү түрдө фонддордон акча каражаты жыл башында бөлүнүп, 2019- жылдан баштап бекитилсин.
4. Фонддордон бөлүнгөн акча каражаттарынын берилишинин протоколдору жана аткарылган жумуштардын кабыл алуу актыларынын бир нускасы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
5. Айыл өкмөт башчысы, айыл башчылары, фонддун жетекчилери айыл кеңештин токтомдорун аткарбаган учурда, укуктук коргоо органдары аркылуу жоопкерчиликке тартылары эскертилсин.
6. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы М. Усубалиевге милдеттендирилсин
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |