Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 15 сессиясы
2019-жылдын 29-майы № 2
Аманбаев айылдык Кеңеши, Кара-Буура суу чарбасынын, айылдардагы СПАлардын, дыйкандарды суу менен камсыз кылуудагы маселелерди талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук суу чарба башкармалыгы Көк- Сай участкасынын күнүнө суу бөлүнүүчү маалыматты айыл өкмөт башчысына берип туруу милдеттендирилсин.
2. Аманбаев айыл өкмөт башчысына СПАлардан күнүмдүк маалыматты алып туруу Милдеттендирилсин.
3. Ар- бир СПАнын ички арыктары тазаланып, сууну максаттуу пайдалануу боюнча СПА жетекчилери, айыл башчылары милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөт башчысы СПАнын иштерин толук текшерип, кезектеги сессияга маалымат дайындалсын.
5. Токтомдун аткаруу жагынын көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |