Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 15 сессиясы
2019-жылдын 29-майы № 3
Аманбаев айылдык Кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2019- жылга соттук чечимдерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айылдык аймактык Кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2019- жылга жергиликтүү негизги бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча киреше бөлүгү 112.0 миң сом. Чыгаша бөлүгү 112.0 миң сом өлчөмүндө, жалпысынан 112.0 миң сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
2. Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынан түшүүсү белгиленсин:
Катар | Статьялары | Киреше булактарынын аталышы | Жалпысы |
|
1 | 11312120 | Көлүк каражаттарына салык | 112.0 |
|
3. 2019-жылга Аманбаев айыл өкмөтүнүн негизги жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпысынан 112.0 миң сом төмөнкү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
-Айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн28231100 “Сот чечимин аткаруу” элементи боюнча 102.0 миң сом
- Турак жай, коммуналдык чарба тармагынын 22154900 “Башка кызмат көрсөтүүгө акы төлөө2 элементи боюнча-10.0 миң сом
4. Аманбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша статьяларына кошумча киреше жана чыгашаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү аманбаев айылдык аймактык Кеңешинин сессиясынын токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн.
5. Аманбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана бюджеттик каражаттардын токтомдо белгиленген чыгым статьялары боюнча аткарылышы, айыл өкмөтүнүн каржыэкономика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кудайбергенов Н.О. милдеттендирилсин.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |