Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 15 сессиясы
2019-жылдын 29-майы № 4
Аманбаев айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 15 сессиясы, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2019 жылга, айыл чарбасы эмес салыктарды карап жана талкуулап чыгуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казылып аынып жаткан карьерлерди калыбына келтирип, рекультивация иштерин жүргүзүү үчүн ТЖКЧ бөлүмүнөн кол тийгис атайын эсеп ачылсын.
2. Ар бир жүктөлгөн унаа каражатынан 100 сом өлчөмүндө рекультивация үчүн атайын эсепке түшүрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн каржы- экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кудайбергенов Н.О. милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |