Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/4
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДнин башчысы К.Т.Кожобаевдин, 2017-жылдын 31-июлундагы, кир.№01-7/493, Ж-2б зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жөнүндөгү, Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, 2017-жылдын 6-сентябрындагы, чыг.№06-05/577 сунушун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж-2б (майда жана ири мүйүздүү малды кармоого уруксааты бар, жеке менчик турак жай зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: "Эреженин 8,17-беренелеринин тартиптеринде, коомдук угуулар менен, атайын макулдукту талап кылган пайдалануунун түрлөрү" бөлүкчөсүнө, "коомдук мончолор" деген подпункт кошулсун.
2. Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
- бул токтомдо, көрсөтүлгөн объектти, максатту пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын;
- Ж-2б зонасына киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Каракол шаарынын, Элебаев атн.көчөсү, №68а дарегинде жайгашкан жер тилкесине, тиешелүү документтерди даярдасын;
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |