Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 16 сессиясы
2019-жылдын 18-октябры № 4
Аманбаев айылдык кеңеши Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга айыл чарбасы эмес салыктарды карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айылдык аймактык кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга, казылып алынып жаткан карьерлерди калыбына келтирилип, рекультивация иштерин жүргүзүү үчүн ТЖЧК бөлүмүнө ар бир жүктөлгөн унаа каражаттарынан 100 сом өлчөмүндө атайын каражаттар бюджетине түшүүчү акча каражаттарынын негизинде киреше бөлүгү 50.0 миң сом, чыгаша бөлүгү50.0 миң сом өлчөмүндө, жалпысынан 50.0 миң сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
2. Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынан түшүүсү белгиленсин.
Катар № | Статьялары | Киреше булактарынын аталышы | Жалпысы |
1 | 14238900 | Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө | 50.0 |
| жалпысынан |
| 50.0 |
3. 2019- жылга А ТЖКЧ бөлүмүнүн атайын каражаттар бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпысынан 50.0 миң сом төмөнкү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
Турак – жай. -
- Коммуналдык чарба тармагынан 22154900 “ Башка кызмат көрсөтүүгө акы төлөө” элементи боюнча- 50.0 миң сом
4. Аманбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша статьяларына кошумча киреше жана чыгашаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү Аманбаев айылдык аймактык Кеңешинин сессиясынын токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн.
5. Аманбаев айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кудайбергенов Н.О. милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |