Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 16 сессиясы
2019-жылдын 18-октябры № 5
Аманбаев айылдык Кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн жер адисинин маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жер адисинин маалыматы кабыл алынсын.
2. 2020- жылга чейин КБФ жерлери менен түзүлгөн келишимдер толук түрдө инвентаризациядан өткөрүлүп, ижара келишимдерине Социалдык Фондко төлөнүүчү бөлүкчөсү кошулган келишимдер түзүлсүн.
3. Ижара алуучулар тарабынан милдеттери келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө так аткарылбаса айыл өкмөт тарабынан келишим бир тараптуу бузулары тууралуу пункт келишимдерге милдетүү түрдө киргизилсин.
4. Ижара келишими түзүлүп, кол коюлган күндөн тартып, 15- күн аралыкта ижаранын 50 пайыз акчасы милдетүү түрдө төгүлсүн.
5. Токтомдун аткаруу жагы жер адиси К. Тургуналиевке милдеттендирилсин
6. Токтомдун аткаруу жагынын көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Джеенчороев К.С. |