Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/5
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДнин башчысы К.Т.Кожобаевдин, 2017-жылдын 31-июлундагы, кир.№01-7/405 катын, Каракол шаарынын тургундарынын 2016-жылдын 29-ноябрындагы, кир.№01-9/132, 2017-жылдын 5-январындагы, №01-9/2 арыздарын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы жер тилкелери, мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу үчүн, Каракол шаарында - 1,5 жана Пристань-Пржевальск поселогунда-1 коэффиценттери менен берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга, Каракол шаарында, бир жылга 10000 м2 *0,70т * 1,5 = 10500 сом; Пристань-Пржевальский аймагында – 10000 м2 *0,70т*1=7000 сом ижара акысы менен берсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго
Төрага | Э. Айсаракунов |