Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезексиз XXXXIV - сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 303/44-7
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервине макулдук иш кагаздарын тапшырган талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7,19,22-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Таластагы атайын өкүлүнүн 23.11.2020-жылдын №2 чыгыш сандуу кайрылуусу жана “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиясынын №15 протоколдук сунушунун негизинде, Талас шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын резервине макулдук иш кагаздарын тапшырган талапкерлердин тизмесин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамын сактоого макулдук арызы бар 2 талапкердин тизмеси Талас шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталсын.
2. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди жөнүндөгү Талас шаардык кеңешинин чечими Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага: | А.Жусупбеков |