Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXXV - сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 305/45-7
Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы, Талас шаардык билим берүү бөлүмү жана Талас шаардык электр тармактар ишканасынын 2020-2021- жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата жалпы даярдыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-6-пункттары, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2020-жылга карата иш планынын негизинде, “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 04.12.2020-жылдын №3 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас жылуулук менен жабдуу ишканасынын (И.Алибеков), Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн (Б.Керимбаев) жана Талас шаардык электр тармактар ишканасынын (А.Оболбеков) 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата жалпы даярдыктары “канаатандырарлык” деп табылсын.
2. Талас жылуулук менен жабдуу ишканасынын (И.Алибеков) өнүгүү стратегиялык планы иштелип чыксын жана абоненттердин санын көбөйтүү максатында жылуулукка төлөм акыларынын тарифтерин кайра карап чыгуу жөнүндө “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына кайрылуу каты жөнөтүлсүн.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Момунбеков) тапшырылсын.
Төрага: | А.Жусупбеков |