Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXXV - сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 306/45-7
Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жалпы ишмердүүлүгү жана Талас шаарынын “Таза суу жана саркынды сууну кабыл алуу түйүндөрүн жаңылоо” долбоорунун II фазасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2020-жылга карата иш планынын негизинде “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 04.12.2020-жылдагы № 3 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын (Э.Камчыбеков) жалпы ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы (Э.Камчыбеков) “Таза суу жана саркынды сууну кабыл алуу түйүндөрүн жаңылоо” долбоорунун II фазасын 2021-жылдан баштап ишке ашыруу үчүн Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы (ЕБРР) менен тыгыз иш алып баруу максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин кайрылуу каты жөнөтүлсүн.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Момунбеков) тапшырылсын.
Төрага: | А.Жусупбеков |