Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXXV - сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 309/45-7
Талас шаардык жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №10 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине тогуз айдын жыйынтыгы менен жыл ичинде “COVID-19” пандемиясына байланыштуу айрым салыктык жана салыктык эмес кирешелерден акча каражаты түшпөй, киреше бөлүгүнүн пландары жалпы 13 179,6 мин сомго азайгандыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттен 3 179,6 мин сом, атайын каражаттан 10 000,0 мин сом кыскартылып, чыгаша бөлүгүнөн Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын 3111 беренесинен 1 938,2 мин сом, Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын 2215 беренесинен 1 241,4 мин сом, жалпы бюджеттен 3 179,6 мин сом жана атайын каражаттардан Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2218 беренесинен 9 900,0 мин сом, Талас шаарындагы чет тилдер багытындагы лицей комплексинин 2218 беренесинен 100,0 мин сом акча каражаттары 1-2-тиркемелерге ылайык, азайтууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына ( Н.Ибрагимов) тапшырылсын.
Төрага: | А.Жусупбеков |