Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXXV - сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № 310/45-7
Талас шаардык айрым бюджеттик мекеме уюмдардын беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 25.02.2020-жылдагы №252/36-7 сандуу токтому, Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин негиздери жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 5.02.2020-жылдагы №65 токтомуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №10 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жаштар иштери жана спорт боюнча секторунун мамлекеттик агенттигинин “Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча” буйругунун негизинде, Талас шаарынын жаштар иштери жана спорт боюнча секторунун 2215 беренесинен 29,5 миң сом акча каражаты 2111 беренесине 26,2 миң сом айлык акысы үчүн, 2121 беренесине 3,3 миң сом соц.фондго чегерүү үчүн жылдырылып, каржылоого макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 5.02.2020-жылдагы № 65 токтомунун негизинде, Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын кенже тейлөө кызматкеринин көбөйтүлгөн эмгек акысын айлык акы беренесинен жыл ичинде үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык, “Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча” чечимдерин Талас шаарынын мекемелери аркылуу өз убагында камсыздоо жагы Талас шаарынын мэрине (А.Джузупбеков) милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына ( Н.Ибрагимов) тапшырылсын.
Төрага: | А.Жусупбеков |