Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/6
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 25-октябрындагы, кир.№01-7/509 катын карап жана талкуулап, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясына үнөмдөлгөн: 2214-беренесинен (транспорттук чыгымдар) 25 492 (жыйырма беш миң төрт жүз токсон эки) сом; 2222-беренесинен (кеңсе товарлары) 22 120 (жыйырма эки миң бир жүз жыйырма) сом; 2215- беренесинен (башка чыгымдар) 33 580 (отуз үч миң беш жүз сексен) сом; 2225-беренесинен (күзөт) 53 100 (элүү үч миң бир жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын колдонууга уруксаат берилсин.
2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |