Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXXV - сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 311/45-7
Үлүштүк дем берүүчү долбоорлорду тандоо жана өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.04.2015-жылдагы № 230 сандуу токтому, Талас шаарынын мэриясынын 17.12.2020-жылдагы №01-3/1658 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №10 протоколунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоого Талас шаарындагы №15 “Ак-Бешик” бала бакчасынын чатырын жана терезелерин алмаштыруу үчүн жалпы 3 011 098 сом, Талас шаарындагы №9 “Буратино” бала бакчасынын чатырын алмаштыруу жана жылуулук системасын оңдоо үчүн жалпы 2 150 817 сом, Талас шаардык №8 орто мектебинин эшиктерин, терезелерин алмаштыруу үчүн жалпы 3 133 695 сом жана Талас шаарындагы Үмөт Молдо көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан китепкананын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жалпы 3 060 520 сом, жалпы 4 долбоор сунушталсын жана алардын 20 пайыз өздүк салымы Талас шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (Н.Ибрагимов) тапшырылсын.
Төрага: | А.Жусупбеков |