Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXXV - сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 312/45-7
Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын сырттан ташылып келген саркынды сууну кабыл алуу жана тазалоонун 1м3 чыгымынын кызмат көрсөтүүсүнүн төлөм акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14-пункту, Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 8.12.2020-жылдагы №01-15/400 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №10 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасында сырттан ташылып келген саркынды сууну кабыл алуу жана тазалоонун кызмат көрсөтүүсүнүн төлөм акысы 1м3 (бир мерт кубу) 232,01 сом суммасында бекитилсин.
2. Сырттан ташылып келген саркынды сууну кабыл алууда Талас облусундагы тоо кен байлыктары жана ууландыруучу заттарды пайдаланган жеке менчик өндүрүштүк ишканаларды, мекемелерди тейлөөгө тыюу салынсын жана коопсуздугуна көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчисине (Э.Камчыбеков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (Н.Ибрагимовго) тапшырылсын.
Төрага: | А.Жусупбеков |