Редакцияот 25.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXXV - сессиясы

2020-жылдын 25-декабры № 313/45-7

Үлүштүк дем берүүчү долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобонун, 2 пунктунун 2.1 параграфына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 09.12.2020-жылдагы №01-4/1625 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 23.12.2019-жылдагы №239/35-7 сандуу токтому менен бекитилген комиссиянын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагысы М.Есенкулов башка жумуш ордуна которулуп кеткендигине байланыштуу, анын ордуна Талас шаардык кенешинин төрагасы болуп шайланган А.Жусупбеков киргизилип, бекитилсин.

3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Жусупбеков