Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-декабры № 27-26/108
Чеч-Дөбө айылынын негизги көчөлөрүн түнкү жарык менен камсыз кылуу жөнүндө
Кайыңды айыл аймагына карашттуу Чеч-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы токтому менен ичүүчү таза сууну чалгындоого бөлүнгөн 500,0 миң сом акча каражатынын эсебинен Чеч-Дөбө айылынын негизги көчөлөрүн түнкү жарык менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 197100 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага: | Б.Алымбаев |