Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-декабры № 27-26/109
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган имараттын бир бөлүгүн ижарага берүү жөнүндө
Кайыңды айылында жайгашкан муниципалдык имараттын бир бөлүгүндө 2001-жылдан бери Молдобеков Замир үй-бүлөөсү менен жашап келет, ушул күнгө чейин имаратты карап, өз каражаты менен капиталдык ремонттон өткөрүп, карап жатат, 2019-жылдын 03-декабрындагы арызы менен жашаган имаратты ижарага берүү боюнча кайрылган, арыздын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган имараттын бир бөлүгүн, Молдобеков Замирбек Рапиновичке ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага: | Б.Алымбаев |