Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/7
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жоопту катчысы Э.А.Майрыковдун, 2017-жылдын 24-октябрындагы, кир. №01-7/508 катын карап жана талкуулап, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), жалпы суммасы 120 000 (жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, 2215-беренесинен, 2212-беренесине – 15 000 (он беш миң) сом акча каражатын, телефон байланышы үчүн; 2215-беренесинен, 3112-беренесине - 105 000 (жүз беш миң) сом акча каражатын жабдууларды сатып алуу үчүн жылдырсын.
2. Каракол шаардык депутаттар Кеңешине үнөмдөлгөн акча каражаттарын, 3112-беренесинен – 19 750 (он тогуз миң жети жүз элүү) сом, 2222-беренесиндеги, 32 235 (отуз эки миң эки жүз отуз беш миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын колдонууга уруксаат берилсин.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жоопту катчысы Э.А.Майрыковго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |