Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 227/35-7
Талас шаарынмн 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата жалпы даярдыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-6-пункттары, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылга карата иш планынын негизинде, “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 12.12.2019-жылдын № 6 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата жалпы даярдыктары “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас жылуулук менен жабдуу ишканасына (М.Мамадалиев) Талас шаарындагы жалпы көп кабаттуу үйлөрдү толук кандуу жылытуу боюнча жалпы абоненттер, кондоминиум, үй башчылары менен келишимдик негизде иш алып барсын жана социалдык обьекттерди борборлоштурулган отканага кошуу максатында техникалык экономикалык негиздери (ТЭО) боюнча анализдик материалдары иштелип, кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңбшинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Момунбеков) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |