Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 229/35-7
Талас шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунун ишмердүүлүгү жана үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен бүткөрүлгөн оңдоп түзөө иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2019- жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун 2019-жылга карата аткарган жалпы ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунда (А.Шамбетова) врачтардын жетишсиздиги боюнча маселени чечүү багытында сырттан врачтарды чакыруу боюнча иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңбшинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |