Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 230/35-7
Талас шаардык маданият жана туризм бөлүмүнүн жалпы ишмердүүлүгү жана туризмди өнүктүрүү багытындагы иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кенешинин 2019-жылга карата иш планынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын №6 протоколдук чечимин карап, талкуулап, чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык маданият жана туризм бөлүмүнүн (Б.Ибрагимов) 2019-жылга карата аткарылган жалпы ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык маданият жана туризм бөлүмү мындан аркы ишмердүүлүгүндө Талас шаарында туризмди өнүктүрүү жана музыкалык мектептин сыртын оңдоп түзөө боюнча долбоорлорду жазып, инвесторлорду тартуу багытында иш алып баруу жагы белгиленсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Момунбеков) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |