Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 231/35-7
Үлүштук дем берүүчү долбоорлорду тандоо жана өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21- апрелиндеги №230 сандуу токтому менен бекитилген “Үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобосуна ылайык, Талас шаардык мэриясынын 10.12.2019-жылдагы № 01-2/1930 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №9 протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоого төмөндөгү сметалык суммасы 2331,63 миң сомду түзгөн Талас шаарындагы №15 “Ак-Бешик” бала бакчанын имаратынын, сметалык суммасы 3474,29 мин сомду түзгөн Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин, сметалык суммасы 1156,0 мин сомду түзгөн Талас шаарындагы С.Абдуллаев атындагы №6 орто мектебинин, сметалык суммасы 2294,5 мин сомду түзгөн Талас шаарындагы Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектебинин, сметалык суммасы 3189,03 мин сомду түзгөн Талас шаарындагы Үмөт Молдо көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан китепкананын ремонту, сметалык суммасы 2769,03 миң сомду түзгөн Жаштык кичи районундагы Ү.Байтереков көчөсүн асфальттоо, сметалык суммасы 2085,46 мин сомду түзгөн Талас шаарындагы №4 орто мектебинин жана сметалык суммасы 3048,0 мин сомду түзгөн Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин ремонттору жөнүндө жалпы 8 долбоор сунушталсын жана алардын 20 пайыз өлчөмүндөгү өздүк салымы Талас шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н. Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |